Мектеп

М.Куренкеев атындагы №11 орто мектеби мекемеси 1939-жылы Каганович атындагы жети жылдык интернат-жатак мектеби болуп негизделип ачылган.1951-жылы 10-жылдык орто мектеп болуп Муратаалы Куренкеевдин ысымы ыйгарылган.Мектептин азыркы учурдагы курулушу 1993-жылы октябрь айында иштетүүгө берилген. Мектептин толук аталышы М.Куренкеев атындагы №11 орто мектеби мекемеси.Юридикалык дареги:Баткен облусу,Кызыл-кыя шаары,Караван айылы,А.Кыпчаков көчөсү №32Мектептин имараты эки кабаттан туруп 624 окуучуга ылайыкташтырылган.25 класстык каана,1 директордун каанасы,1 директордун орун басарынын каанасы,1 мугалимдер каанасы,китепкана,актовый зал спортзал камтылган,ашкана мектеп имаратынан тышкары жайгашкан. М.Куренкеев атындагы №11 орто мектеби мекемеси Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 30-апрелинде бекитилген Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына, нормативдик укуктук актыларына , билим берүү жөнүндөгү жалпы жоболорунун негизинде жана 2022-жылы бекитилген Мектептин уставына ылайык иш алып барат. Мектептин миссиясы:Окуучуга үзгүлтүксүз башталгыч,негизги жана орто билим берүүгө ата-энелердин,жергиликтүү коомдун жардамы менен балдардын жөндөмдүүлүгунө,кызыгуу көндүмүнө карай билим берилет. Мектептин 2022-2023-окуу жылына карата окуу планы КРнын ББИМнин 2022-жылдын 5-августундагы №1529/1 буйругу менен кыргыз тилинде окутуу үчүн Базистик окуу планынын негизинде кабыл алынган . Окуу планы мамлекеттик стандарттын талаптарына туура келет. Азыркы 2022-2023 –окуу жылында 815 окуучу билим алып жана тарбияланып жатышат. Окутуу кыргыз тилинде,башталгыч класстар кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлөт. 24 класс комплект бар. Окутуу эки сменада жүргүзүлөт. Азыркы 2022-2023-окуу жылында 45 мугалим эмгектенип жатат. Анын ичинен 39 мугалим жогорку билимдүү, 6 атайын орто билимдүү. Мектепте интернет байланышы бар. Юридикалык жактан мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү күбөлүгү 2022-жылдын 21-ноябрында берилген. № 93650-3309-М-е Коду 21209454 Сериясы ИНН 02311199510284 ГПЮ №0055156. Алгачкы мамлекеттик каттоо датасы 23.11.1995-жыл М.Куренкеев атындагы №11 орто мектеби мекемеси Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2018-жылдын 19-июнундагы №79211 буйругунун негизинде аккредитациядан өткөн. Сертификаттын номери: №СС180000464 Сертификаттын мөөнөтү: 19.06.2023. Билим берүү мекемесинин дареги: Баткен областы ,Кызыл-Кыя шаары, Караван айылы, А.Кыпчаков көчөсү №32

Электрондук почтасы: [email protected]